Биз менен байланышыңыз

Жапаров Германиянын ири курулуш компаниясын кызматташууга чакырды

Кыска кабар | 29 Сен 2023 | 205 | 0

Президент Садыр Жапаров Берлин шаарында Knauf ири өндүрүштүк компаниясынын жетекчилиги менен жолугушту.

Knauf — Европадагы жана анын чегинен тышкаркы курулуш материалдарын жана курулуш системаларын өндүрүүчүлөрдүн алдыңкыларынын бири. Компания 90дон ашык өлкөдө бар жана бардык беш континентте 80ден ашык иштетилбеген ташты өндүрүү компанияларын жана 300дөн ашык заводду башкарат. Компаниянын жылдык жүгүртүүсү болжол менен 15 миллиард еврону түзөт.

Knauf компаниясы КМШ өлкөлөрүндө активдүү иш алып барат. Компания Борбор Азия аймагында 2001-жылы иштей баштаган.

Садыр Жапаров белгилегендей, курулуш тармагы Кыргызстандын инфраструктуралык өнүгүүсү жана экономикалык максаттарына жетүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кыргызстан Германиянын Knauf сыяктуу ири компанияларынын өлкөгө келишине кызыкдар.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Ош жана Чүй облустарында гипсти кайра иштетүү мүмкүнчүлүгү менен курулуш материалдарын чыгаруучу завод куруу долбоорун ишке ашырууга даяр экенин билдирди. Заводдун ачылышы жана компаниянын өндүрүшүн Кыргызстанда жайылтуу жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөгө алдыңкы технологияларды берүүгө жигердүү салым кошот.

Мындан тышкары, компаниянын кремний жана каолин кендерин иштетүүгө кызыгуусун колдоого жана зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.

Компания Кыргызстандын түндүгүндө гипсти кайра иштетүүчү завод курууга, ошондой эле жалпысынан өлкөдө компаниянын өндүрүшүн жайгаштырууга кызыкдар экендиги белгилүү болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Knauf компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жана кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM