Биз менен байланышыңыз

Президент Германия-Борбор Азия саммитине катышат

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 168 | 0

Президент Садыр Жапаров Германиянын канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «Германия — Борбор Азия» саммитине катышат. Бул тууралуу Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Анда Садыр Жапаров менен Олаф Шольц эки тараптуу сүйлөшүү өткөрөт, кыргыз-немис кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, анын ичинде экономикалык алаканы кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү талкууланат.

Сапардын алкагында Садыр Жапаровдун Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» немис ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен жолугушары болжолдонууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM