Биз менен байланышыңыз

Баткенге берилүүчү субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомго көтөрүү сунушталууда

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 326 | 0

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеген долбоор экинчи окууда каралып, кабыл алынды.

Мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Чынгыз Ажибаев, Жалолидин Нурбаев, Ырысбек Атажанов, Нурлан Ражабалиев, Искендер Матраимов, Миргүл Темирбаева, Камила Талиева, Медербек Алиев, Алишер Козуев жана Султанбай Айжигитов жазган.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Чынгыз Ажибаев белгилегендей, Баткен облусунун коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программа кошумча материалдык, финансылык жана техникалык ресурстарды талап кылат.

Тагыраагы, мыйзам долбоорунда аталган мамлекеттик программага жыл сайын берилүүчү кошумча субсидиялардын көлөмүн 1,5 млрд сомдон кем эмес өлчөмдө аныктоо сунушталууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM