Биз менен байланышыңыз

Равшанбек Рысбаев: Ээси келсе, бээсин берүү керек

Кыска кабар | 27 Сен 2023 | 357 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Равшанбек Рысбаев шайлоонун жыйынтыгы боюнча эки жылдан бери сот процесси жүрүп жатканын билдирди.

Анын айтымында, экс-депутат Өмүрбек Бакировго мурдагы төрага Талант Мамытов добуш сатып алуу менен депутаттык мандат берип, Ак үйдүн жетинчи кабатына отургузган.

«Мына мыйзам бар экен, акыйкаттык орноп, өзүнүн мандатын тапшырып отурат. Элибизде «Ээси келсе, бээсин бер» дейт. Мени 10 миңден ашык эл шайлаган. Талант Мамытов өзүнүн алган добушун салыштырып, анан гана бирөөгө асылсын», — деди Бакировду.

Жогорку Кеңештин 6-сентябрдагы жыйынында Ош облусунун Көк-Жар округунан Равшанбек Рысбаев мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна депутат болуп келген.

Борбордук шайлоо комиссиясы 26-августта Бакировду депутаттык мандатынан мөөнөтүнөн мурда ажыратып, күбөлүгүн жокко чыгарган. Сот мындай чечимди күчүндө калтырган.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировду 29-августта Ош облустук милициясы кармап, кайра бошоткон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM