Биз менен байланышыңыз

УКМК: «Женго» кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 270 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы 25-сентябрда кабарлагандай, Ошто «Женго» уюштурган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды.

Кылмыш-жаза кодексинин 283-берененин 1-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча каралган иштин негизинде Кадыр Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү — Ош облусунун Ноокат районунун тургундары, 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О. кармалды.

«Тойота Ланд Крузер Прадо» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу куралдар, баңгизаттар, ошондой эле «ТОЗ-8» маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16 мм калибрдеги 10 патрон жана «Сталь» мергенчилик бычагы табылган.

Азыркы учурда Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM