Биз менен байланышыңыз

Орусия Өкмөтү Кыргызстанга тогуз мектеп куруу келишимин жактырды

Кыска кабар | 25 Сен 2023 | 213 | 0

Орусия Өкмөтү «Кыргызстанга орус тилинде билим берген биргелешкен мектептерди куруу жөнүндө» келишимди ратификациядан өткөрүү долбоорун жактырганын расмий сайты аркылуу кабарлады.

Документ эми Мамлекеттик Думанын кароосуна жөнөтүлөт. Долбоор Орусиянын стандарттарына ылайык кадрларды даярдоого багытталып, жалпы билим берүү уюмдарын түзүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

Эске салсак, Орусия Кыргызстанга 11 миңден ашык окуучу билим ала турган тогуз мектеп курууну мерчемдеп жатат.

1-сентябрда Бишкек, Баткен жана Каракол шаарларына курула турган мектептердин пайдубалына капсула салынган. Курулуштун өзү 2024-жылы башталат. Жыл сайын үчтөн мектеп куруу пландалууда. Алгачкы үчөө 2025-жылы ачылат.

Июнь айында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустинге Кыргызстанда тогуз мектеп куруу боюнча өкмөттөр аралык келишим Жогорку Кеңеште үч окуудан өткөнүн билдирген. Документ учурда президенттин кол коюусуна даярдалууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM