Connect with us

Унаанын алдыңкы эшиктеринин терезесин караңгылатуу боюнча акция башталды

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 469 | 0

Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси Кыргызстанда автоунаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатуу боюнча акция башталганын маалымдады.

2-октябрдан 30-ноябрга чейин автотранспорттордун алдыңкы эшиктеринин  айнектерин караңгылатуу үчүн жыйымды төлөө жана уруксат кагазын каттоо акциясы өтөт.

Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, унаанын алдыңкы эшиктеринин терезелерин караңгылатууга уруксат жеке адамдар үчүн 80 миң сомдун ордуна 50 миң сом, юридикалык жактар үчүн 100 миң сом эмес, 70 миң сом жана чет өлкөлүк жарандар үчүн 120 миң сомдун ордуна 90 миң сом болот. Акциянын ушул токтом күчүнө киргенге чейин берилген уруксат документтерине тиешеси жок.

Унаанын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга уруксатты каттоо үчүн унаа ээлери жашаган жерине карабастан, «Унаа» мекемесинин каалаган бөлүмүнө кайрылса болот.

Президент былтыр апрель айында «Жол кыймылы жөнүндө» мыйзамга кол койгон. Ага ылайык, айдоочулар акы төлөп, унаалардын алдыңкы эшигинин каптал айнегин караңгылата алышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM