Биз менен байланышыңыз

Зомбулукка каршы Kades колдонмосу Кыргызстанда да ачылат

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 211 | 0

Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматы үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына каршы иштерди жүргүзүүнүн алкагында Түркиянын Ички иштер министрлиги сунуштаган «Кадес» мобилдик тиркемесин жакын аралыкта ишке киргизет. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

«Кадес» мобилдик тиркемеси аркылуу аялдар жана кыздар физикалык зомбулук, сексуалдык зордук-зомбулук, асылуу, аңдуу жана башка кооптуу кырдаалдарда жардам сурай алышат.

Эгер зомбулук аракеттерин жасаган кырдаалга туш болсо же кандайдыр бир коркунуч сезилсе (мисалы, ээн караңы көчөдө), жөн гана телефонго жүктөлгөн тиркемени ачып, экрандагы баскычты басат. Ошол замат жардам баскычы дароо милициянын операторуна жөнөтүлөт (жайгашкан жериңизге жараша), жакын арадагы кайгуул же милиция кызматкерлери тез аранын ичинде геолокация аркылуу келет жана жардам көрсөтөт.

Бул «Кадес» мобилдик тиркемесин уюлдук телефонго App Store и Google Play аркылуу жүктөп алса болот. Жүктөгөндөн кийин өзү жөнүндө толук маалыматты (аты-жөнү жана геолокациясын) киргизиши шарт, андан соң, телефонго код менен СМС жөнөтүлөт жана орнотулгандан кийин экранда баскыч пайда болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM