Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы 49 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курууну пландоодо

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 571 | 0

Бишкек шаарынын мэриясы 49 көп кабаттуу унаа токтотуучу жай курууну пландоодо. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 22-сентябрда билдирди.

Анын айтымында, мамлекеттик-жеке өнөктөштүк шартында унаа токтотуучу жайларды куруу пландалууда. Буга чейин 49 орун аныкталган. Мэрия инвесторлорго жер тилкелерин сынаксыз берет.

Ал белгилегендей, шаарда унаа токтотуучу жайларды уюштурууга болгон мамилени өзгөртүү керек.

«Биз жолду кеңейттик. Бирок капталдарында унаалар токтоп, жол дагы эле тар бойдон», — деди мэр.

Эмилбек Абдыкадыров кошумчалагандай, мындай жайлар шаардын борборунда эреже бузуулар менен курулган май куюучу жайлардын ордунда пайда болушу мүмкүн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM