Биз менен байланышыңыз

Мэр: Бишкекте жол кирени чечпесек болбойт (видео)

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 446 | 0

Бишкек шаардык мэриясынын коомдук транспортторго жол кирени канчага көтөрүүнү пландап жатканы азырынча так эмес. Бул тууралуу калаа мэри Эмилбек Абдыкадыров 22-сентябрда журналисттерге билдирди.

Анын айтуусунда, тарифти көтөрүүдөн башка жол жок. Коңшу мамлекеттерде коомдук транспорттордо жол кире жогору турат. Кыргызстанда анчалык кымбат болбойт, бирок баа көтөрүлүшү керек.

«Оптималдуу бааны иштеп чыгып, коомдук талкууга койдук. Тургундардын пикири маанилүү. Андан соң бул маселе Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында каралат. Чечүү керек бул маселени», — деди ал.

Бишкек шаардык мэриясы сентябрдын башында коомдук транспортторго жол кирени көтөрүүнү сунуштаган долбоорду сайтына жарыялады.

Мэрия автобус жана троллейбустарда жүрүү үчүн жол кире канча сом болорун тактай элек, болжолдуу түрдө 20-22 сомго көтөрүү сунушталып жатканы маалым болгон.

Борбор калаада учурда мэрияга караштуу автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сом, жеке менчик компаниялардын кичибустары жүргүнчүлөрдү 15 сомдон ташыйт.

Август айынан бери коомдук транспортто төлөм электрондук түрдө жүргүзүлө баштады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM