Биз менен байланышыңыз

Активист Эртай Искаков үй камагына чыгарылды

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 176 | 0

Сокулук райондук соту жарандык активист Эртай Искаковдун баш коргоо чарасын үй камагына чыгаруу чечимине өзгөрттү.

Жактоочу Шердор Абдыкапаровдун айтымында, «бейбаштык» жана «жолду мыйзамсыз тосуу» фактылары боюнча козголгон иш боюнча башка айыпталуучулар да үй камагына чыгарылган.

Жарандык активист Эртай Исаков жана эки жергиликтүү тургун 17-июлда таза сууну талап кылган нааразылык акциясынан кийин кармалган.

14-июль кечинде Бишкекке жакын жайгашкан Селекция айылында жергиликтүү тургундар суу маселесине байланыштуу нааразылык билдирип, Түштүк магистралдын бир бөлүгүн жабышкан. Тургундар үч айдан бери суу жетпей жатканын айтышкан.

Милициянын маалыматына караганда, жолду тоскон жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн, бирок алар милиция кызматкерлери тарапка «таш ыргытып», жолду тосууну улантышкан. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында автоунаа өтүүчү жол 15-июлга караган түнү саат 2:00дө ачылып, чогулган эл тараган. Бул окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иши жүргөн.

ИИМ текшерүү учурунда бул атайын уюштурулган иш-чара экендиги такталганын билдирген. «Бейбаштык» беренеси боюнча 15-июль күнү кылмыш иши козголгон.

Эртай Искаков Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болууга арыз берген.

Ушул эле округда 28-майда өткөн шайлоодо да ат салышып 1317 добуш алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM