Биз менен байланышыңыз

ЖК: Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү маселеси күн тартибине кирген жок

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 291 | 0

Жогорку Кеңештин 21-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси кайрадан көтөрүлдү.

«Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын депутаттары Алишер Эрбаев жана Гуля Кожокулова комиссия түзүүнү күн тартибине киргизүүнү өтүндү.

«Себеби регламенттин 80-беренеси буга жол берет. Андан сырткары «Альянс» фракциясы депутат Фархат Алимжановдун мандаты боюнча комиссия түзүүсүн сунуштады. Азыр алардын кайрылуусу менен комиссия түзүлүп, ал эми Адахан Мадумаров боюнча комиссия түзүлбөй калса, коомчулукта терс ойлор пайда болушу мүмкүн», — деди депутат Эрбаев.

Бирок вице-спикер Нурбек Сыдыгалиев Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүү маселесин кийинки жумада кароо туура болорун айтты.

Бир күн мурун Адахан Мадумаровдун иши боюнча комиссия түзүлбөй калган. Себеби ага парламенттеги ар бир фракциядан бирден депутат кирет. Бирок «Мекенчил» депутаттык тобу, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү комиссияга кирүүдөн баш тартканын билдиришкен.

Регламент боюнча комиссиянын курамында жети депутат болушу керек, бирок алтоо гана болуп калганы үчүн комиссия түзүлбөй турган болгондо Дастан Бекешев да курамга кирген. Бирок комиссиянын түзүлгөнү боюнча Жогорку Кеңештин токтому добуш берүүгө коюлганда колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту Мадумаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын карап, камакта калтырган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM