Биз менен байланышыңыз

Суучул Денис Петрашов Олимпиада оюндарына жолдомо алды

Кыска кабар , Спорт | 20 Сен 2023 | 225 | 0

Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Денис Петрашов 2024-жылы Парижде өтчү жайкы Олимпиада оюндарына лицензия алды.

Бул жолдомосун спортчу Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгы менен алганы белгилүү болду.

Эскерте кетсек, ушул жылдын башында Петрашов АКШнын Атланта шаарында болуп өткөн сууда сүзүү боюнча мелдеште биринчи орунду ээлеген.

Анда Петрашов брасс түрү менен 200 метр аралыкты 1:50:51 убакытта сүзүп, алтын медалга алган.

Белгилей кетсек, Денис Петрашов 2016-жылы Рио жайкы олимпиадасына жана 2021-жылы Токио Олимпиадасына катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM