Биз менен байланышыңыз

Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын финалына өттү

Кыска кабар , Спорт | 20 Сен 2023 | 227 | 0

Айсулуу Тыныбекова Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатынын финалына чыгып, Олимпиада оюндарына жолдомо алды.

Тыныбекова финалда япониялык Сакура Мотоки менен беттешет.

62 кг салмакта күч сынашкан Кыргызстандын балбан кызы алгачкы беттешинде польшалык Александра Вольчинсканы да, андан кийин молдовалык Мариана Чердивараны да далысынан килемге басып, мөөнөтүнөн мурда утуп алган. Чейрек финалда украиналык Ирина Коляденкону 2:2 эсебинде утуп, жарым финалга өткөн.

Жарым финалда германиялык Луиза Ниемешти 4:2 эсебинде жеңип, алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

68 кг салмакта килемге чыккан Мээрим Жуманазарова алган жаракатына байланыштуу чейрек финалдык беттештен баш тартты.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча Дүйнө чемпионатынын финалында кыргызстандык балбан кыз Айпери Медет кызы (76 кг) япониялык Юка Кагами менен алтын үчүн күрөшөт.

Айпери Медет кызы менен Юка Кагами 2022-жылы Монголияда өткөн Азия чемпионатынын финалында күрөшүп, кыргызстандык балбан кыз Азия чемпиону аталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM