Биз менен байланышыңыз

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкерликтин абалы кандай? 

Экономика | 20 Сен 2023 | 443 | 0

Бүгүн Кыргызстанда ишкерлер күнү белгиленүүдө. Бул күн Өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен бекитилген. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2022-жылы өлкө аймагында 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштеген, алардын ичинен 95,5%ын чакан ишканалар түзөт. Ишканалардын 30%дан ашыгы соода тармагында, 14%га жакыны өнөр жайда жана 11,4%ы курулушта жүргүзүшкөн. Ишканалардын 65%га жакыны Бишкек шаарында. Чакан жана орто ишканаларда 2022-жылы 92 миң адам иштеген. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ишкерликтин абалы кандай? 

Жыл сайын 20-сентябрда Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Буга байланыштуу бүгүн Бишкектеги Тарых музейинде өлкөдөгү ишкерлерди сыйлоо аземи өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинин өкүлү Нурбек Уметалиев мамлекет ишкерлерге дайыма колдоо көрсөтүп келерин белгилеп, өлкөдө бизнести өнүктүрүү үчүн бир катар иштер аткарылып жатканын айтат.

Муну менен катар Уметалиев быйыл ишкерлерге «Эмгек сиңирген ишкер» наамы бериле баштаганын кошумчалады.

«Бүгүн Тарых музейинде маараке өткөрдүк, ишкерлерге сыйлык ыйгардык. Концерттик программа да уюштурдук. Жылдын башында февраль айында «Бизнести өнүктүрүү» программасын кабыл алганбыз. Аны министрлик иштеп чыкты. Анын ичинде ишкерлерди колдоо багытында бир топ иш-чаралар бар. Министрлик дайыма ишкерлерди колдоп келет».

Расмий маалыматтарга караганда, өлкөдө чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы былтыр 15 миң 944 сомду түзгөн.

ЖИА бизнес ассоциациясынын аткаруучу директору Аззамбек Жээнбай уулу ишкерлер өлкөнүн локомотиви экенин белгиледи.

Анын айтымында, мамлекет бизнеске өзгөчө көңүл буруп, тиешелүү чечим кабыл аларда ишкерлердин үнүн сөзсүз эске алышы керек.

«Бардык мамлекеттердин өнүгүүсүндө бизнестин ролу биринчи орунда турат. Анткени мамлекеттин акчасы жок, бюджет ишкерлердин, элдин төлөгөн салыгынан толукталат. Ишкерлер салыкты гана төлөбөстөн, жумуш орундарын түзүп жатат. Ошол эле учурда өлкөгө жаңылык алып келгендер да ишкерлер болууда. Ошондуктан мамлекет өзгөчө көңүл бурушу керек. Мамлекет кандай чечим кабыл албасын, элге жана бизнеске таасир берет. Ошондуктан бизнес коомчулуктун үнүн сөзсүз угушу керек».

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктап, палатанын негизги милдеттеринин бири: өз ара кызматташуу, ишкерлерди коргоо жана аларга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө бизнес негизги маселелер боюнча биригүүгө жана консолидацияланган позицияны билдирүүгө үйрөнүшү керектигин айтты.

Ишкер Перизат Тойчубекова Кыргызстанда ишкер айымдар да көбөйө баштаганын айтып, бүгүнкү күндө аял ишкерлерге эмнелер тоскоолдук жаратып жатканына токтолду.

«Учурда бир долбоорго катышып жатам. Ал жакта аял ишкерлер бири-бирин колдошот. Мисалы, мен өзүмдөн билимдүү, күчтүү ишкер айымдардан сабак алам. Анан мен ишкерликти жаңы баштаган айымдарга үйрөтөм. Ал эми өкмөт тарабынан буга чейин колдоо көрө элекмин. Аялдардын мойнунда үй-бүлө бар: бала тарбиялоо, үй жумуштары жана башкалар. Мисалы, учурда бала бакча, мектеп маселеси жаралып жатат. Мен эле эмес, жумуштагы кыздар да балдарын бала бакчага, мектепке бере албай кыйналгандар бар. Аял ишкерлер көбүнчө ушул нерседен кыйналышат. Мамлекет ушундай көйгөйлөрдү чечип берсе жакшы болмок».

Экономист Искендер Шаршеев өлкө экономикасынын өнүгүү ылдамдыгы жай, ошондой эле ишкерлердин саны аз экенин айтат.

Ошондой эле ал Кыргызстанда ишкерлерди колдоо саясаты начар деп баалады.

«Мисалы, ички дүң продукциясын алсак, киши башына Кыргызстанда 1200-1400 доллардын тегерегин түзөт. Ал эми Африка өлкөлөрү 30 жыл мурда 250 доллар болсо киши башына, бүгүнкү күндө 7500 долларга өстү. Бул эмнеден кабар берет? Бул Кыргызстандагы экономиканын аябай жай өсүп жатканын түшүндүрөт. Башка мамлекеттерге орто эсеп менен алганда ишкерлердин саны 12 пайызды түзөт. Ал эми бизде 6 эле пайыз. Негизи экономика ишкерлердин иш-аракети менен өнүгөт. Көйгөйлөргө токтолсом: өлкөдө бүгүнкү күнгө чейин ишкерлик шылуундук менен чогуу жүрөт; ишкерлерге мамлекеттен жетиштүү деңгээлде сый-урмат жок; ишкерликти илгерилетүү үчүн жакшы саясат жок».

Быйылкы жылдын 1-январына карата өлкө аймагында 442,5 миң жеке ишкер иш жүргүзүшкөн.

Ишкерлер күнүнө карата уюштурулган салтанаттын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жалпы ишкерлерди куттуктап, алар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, ишкананы ачуу, ишке киргизүү жана мамлекеттик бюджетке салыктарды үзгүлтүксүз төлөө аркылуу элдин байлыгын көбөйтүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Төрөбаев орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттин негизги милдети ар бир адамдын потенциалын жүзөгө ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү чөйрөнү түзүү болуп саналарын белгиледи.

Министрлер кабинети жөнгө салуу, инвестициялык климат жана инфраструктура жагынан шарттарды ырааттуу түрдө жакшыртып, бирдей атаандаштыкты камсыз кылуу, инвесторлорду коштоо жана тиешелүү ченемдик чөйрөнү түзүү боюнча саясат жүргүзүп жатканын белгиледи.

Copyright © 2017 Maral FM