Биз менен байланышыңыз

Ишкерлер күнүнө карата сандар жана фактылар

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 152 | 0
Ишкер аялдар

Жыл сайын 20-сентябрда Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет. Бул күн өкмөттүн 2000-жылдын 20-октябрдагы токтому менен аныкталган.

Улуттук статистика комитети 2022-жылы өлкө аймагында 17 миңден ашык чакан жана орто ишканалар иштегенин, алардын ичинен 95,5% чакан ишканалар түзөрүн билдирди.

Ишканалардын 30% дан ашыгы соода тармагында, 14% жакыны өнөр жайда жана 11,4% — курулушта жүргүзүшкөн.

Ишканалардын 65% жакыны Бишкек шаарында. Чакан жана орто ишканаларда 2022-жылы 92 миң адам иштеген.

Чакан жана орто ишканалардын кызматкерлеринин орточо айлык эмгек акысы былтыр 15 944 сомду түздү. Бул мурдагыдай эле республика боюнча орточо деңгээлден төмөн бойдон калууда (26 540 сом).

2023-жылдын 1-январына карата өлкө аймагында 442,5 миң жеке ишкер иш жүргүзүшкөн. Былтыр 473 миңден ашык дыйкан (фермер) чарбалары ишмердик жүргүзүштү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча чакан жана орто ишкердик субъекттери өндүргөн кошумча дүң нарктын көлөмү 420,4 млрд сом өлчөмүндө же ИДПга карата 43,3 пайызды түздү.

Чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү (нан өндүрүү боюнча формалдуу эмес ишти эске алуу менен) 2022-жылы 96,5 млрд. сомду түздү. Мындай субъекттер тарабынан өндүрүлгөн өнөр жай продукциясынын үлүшү анын жалпы көлөмүндө 22 ашык пайызга жетти.

Чакан жана орто ишканалар былтыр дан эгиндеринен өндүрүлгөн ундун жалпы көлөмүнүн 73% жакыны туура келди, минералдык суунун 27,9% , толтурулбаган макарон азыктарынын 27,7% , эмеректердин 31,2% , ошондой эле желим бөтөлкөлөрдүн бардык көлөмүн түзүшкөн.

Өнөр жай продукциясынын жалпы көлөмүндө чакан жана орто ишканалардын эң көп үлүшү Ош шаарына (60,2%), ал эми эң азы (3,4%) — Ысык-Көл облусуна туура келет.

2022-жылы чакан жана орто ишкердиктин субъекттеринин дүң жана чекене соодасынын, автоунааларын жана мотоциклдерин оңдоонун жүгүртүү көлөмү 807 млрд. сомду түздү. Чакан жана орто ишкердиктин соода жүгүртүүсүнүн үлүшү анын республика боюнча жалпы көлөмүндө 81%  түздү.

Айыл чарбасында (дыйкан (фермер) чарбаларын кошкондо) иш жүргүзгөн чакан жана орто ишкердик субъекттери тарабынан 222,2 млрд.сом көлөмүндө продукция өндүрүлгөн. Чакан жана орто ишкердиктин продукцияларынын дүң чыгарылышынын түзүмүндө 97%  жакыны дыйкан (фермер) чарбалары өндүргөн продукцияга туура келген.

Өткөн жылы дыйкан (фермер) чарбалары тарабынан союу үчүн 225 миңден ашык тонна мал жана канаттуулар (тирүүлөй салмакта), же жалпы республика боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмүндө 51,1% өндүрүлгөн, 871миң тонна (50%) сүт саалган, 7,5 миң тонна (58%) жүн кыркылган жана 196 млн.даана (32%) жумуртка алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM