Биз менен байланышыңыз

Жапаров АКШда Түркиянын президенти менен жолугушту

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 204 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) өткөн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын алкагында  Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушту.

Президенттер соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, илимий-техникалык жана башка тармактарда кыргыз-түрк кызматташтыгын талкуулашты.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынын өткөрүү тууралуу сөз болуп, бардык артыкчылыктуу багыттар боюнча байланыштарды улантууга макулдашты.

Садыр Жапаров АКШга 18-сентябрда барды. Ал БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Ошондой эле Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM