Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Беш айга жете турган азык-түлүк кору бар

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 281 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев мамлекеттик органдардын, нефтетрейдерлер жана ун чыгаруучу ассоциациялардын жетекчилери менен азык-түлүк коопсуздугу боюнча жыйын өткөрдү.

Өкмөттөн кабарлашкандай, жыйында казак унунун жана күйүүчү-майлоочу майдын кымбатташы талкууланды. Төрөбаев буудай тартыштыгы жок экенин, баанын өсүшү Казакстандан келген ундан гана болуп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Кыргызстанда казак унунун кымбатташынын негизги себеби Казакстандан жүк келүүчү темир жолдун сезондук тыгынына байланыштуу экендиги айтылды.

«Эгер буудай тартыштыгы байкалса, Мамлекеттик материалдык резервдер фонду ун ишканаларын керектүү көлөмдөгү буудай менен камсыздайт. Мамлекеттик материалдык резервде күн карама майы, ун, кумшекер сыяктуу керектүү азык-түлүктөр жетиштүү көлөмдө бар. Биз эң аз дегенде беш ай бою өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабыз», — деди Бакыт Төрөбаев.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө республикага контрабандалык продукцияны, анын ичинде унду ташып келүү маселелери талкууланды. Төрөбаев социалдык маанилүү азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүү, күйүүчү-майлоочу майдын индикативдик балансынын өлчөмүн көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу сыяктуу бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Ун чыгаруучулар ассоциациясына, Нефтетрейдерлер ассоциациясына Кыргызстанды азык-түлүк менен үзгүлтүксүз камсыздоо үчүн күйүүчү-майлоочу майга жана буудайга арыздарды тез арада тапшыруу керектигин айтты.

Мамыралиев: Казакстандан Кыргызстанга келген ундун көлөмү кыскарды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM