Биз менен байланышыңыз

HeadHunter жайында эң көп талап кылынган адистерди атады

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 865 | 0

«HeadHunter Кыргызстан» кызматы быйылкы жайдын жыйынтыгын чыгарып, 2022-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу бош орундар 139% га өскөнүн аныктады.

Бош орундар айрыкча сатуу, логистика, искусство тармактарында көбөйгөн. Иш берүүчүлөрдүн квалификациялуу кадрларга болгон суроо-талабынын өсүшү сунушталган орточо эмгек акынын жыл сайын көбөйүшү менен ырасталат.

Сунушталган орточо эмгек акы 29%га өсүп, 37 миң сомду түздү. Эмгек акынын эң көп өсүшү сатуу тармагында 36%га жогорулаган.

Жайында эң көп акы төлөнгөн иш орундар:

  • Ресторан менеджери, сунуш кылынган эмгек акы бир кишиге 80 миң сомдон 200 миң сомго чейин;
  • Дүң сатуу бөлүмүнүн башчысы, сунуш кылынган эмгек акы салыкка чейинки 70 миң 500 сомдон 133 миң 200 сомго чейин;
  • Башкы эсепчи, сунушталган айлык (колуна алганы) 80 миң сомдон 100 миң сомго чейин;
  • Ресторан маркетологу, сунушталган айлык (колуна алганы) 80 миң сомдон 200 миң сомго чейин;
  • Графикалык дизайнер, сунуш кылынган эмгек акы 50 миң сомдон 80 миң сомго чейин;
  • Бизнес-менеджердин жардамчысы, сунушталган эмгек акы 55 миң сомдон 73 миң сомго чейин.

HeadHunter Кыргызстандагы жана КМШ өлкөлөрүндөгү алдыңкы онлайн жумуш издөө жана жалдоо платформасы.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM