Connect with us

ИИМ: Жыл башынан бери мал уурулук боюнча 39 кылмыштуу топ кармалган

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 241 | 0

Ички иштер министрлиги 15-сентябрдан 17-сентябрга чейин өлкө аймактарында мал уурулуктун алдын алуу боюнча иш-чараларын жүргүзүүдө.

Уурдалган малдын этин мыйзамсыз жүгүртүүнү аныктоо максатында Ветеринардык кызмат менен бирге мал базарлар, касапканалар, цехтер, тери кабыл алан жайлар менен кошо этти сатып алуу жана сатуу менен алектенген жарандардын иши да текшерилди.

Рейддерди өткөрүүдө аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлеринен  кошумча мобилдик топтор жөнөтүлгөн.

Жыл башынан бери облуста 466 мал уурулук фактысы катталган. Анын ичинен 328 уурулуктун бети ачылып, 39 кылмыштуу топ кармалган.

Андан сырткары, ири мүйүздүү жана майда малдын эттери дүңүнөн ташылып келип турган ири соода-базар комплекстеринин аймактарында рейд жүргүзүдү.

Учурда өлкө аймагында тери астына салынган биркаларды жана микрочиптерди колдонуу менен жаныбарларды (бодо малды, жылкыны) идентификациялоо жана көзөмөлдөө боюнча жакшыртылган программаны колдонуу ишке ашырылып келет.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM