Connect with us

17-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 375 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 17-сентябрга караган  түнү Ысык-Көлдө айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде секундасына 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +6…+11, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM