Биз менен байланышыңыз

«Ата-Бейитте» кыргыз-тажик чек арасында курман болгондор эскерилди

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 227 | 0

Бүгүн «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2022-жылдын сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын бир жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев баштаган күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. Баатыр-чек арачылардын күмбөзүнө гүлчамбар коюлуп, жоокерлерге багышталып куран окулду.

2022-жылдын 16-сентябрында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кол салууда курман болгон төрт чек арачынын сөөгү «Ата-Бейит» көрүстөнүнө коюлган.

Каза болгон аскерлерге эстелик тургузулары айтылды. Эстеликти тургузуу иши менен маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги алектенет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM