Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Баткен окуясында чек ара 15 жерден бузулуп, коркунуч жаралган

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 686 | 0

Бир жыл мурун, 2022-жылдын сентябрында Кыргызстандын чек арасы Тажикстан тараптан 15 жерден бузулуп, мамлекетиттин эркиндигине, эгемендигине түздөн-түз коркунуч жаралган. Мындай пикирин бүгүн, 16-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде чек арада курман болгон аскерлерди эскерүү иш-чарасында айтты.

«14-15-16-сентябрь кыргыз мамлекетинин тарыхындагы эң оор, трагедиялуу күндөр. Себеби ошол күндөрү мамлекетибиздин тарыхында болуп көрбөгөндөй, биздин өлкөгө агрессия жасалып, өлкөбүздүн чек арасы 15 жерден бузулуп кирип, түздөн-түз мамлекетибизидин эркиндигине, эгемендигине, коопсуздугуна жана чек ара бүтүндүгүнө коркунуч келген. Ошол учурда биздин аскер кызматкерлерибиз, чек арачылар, баары биригип 51, 13 жай тургун каза болгон. Биздин аскерлердин күжүрмөн аракетинин, эмгегинин негизинде душмандар чек арадан сыртка чыгарылып, мамлекетибиздин бүтүндүгү сакталып калган. Ошондой эле мамлекетибиздин бир да метр жерин душмандарга калтырбастан, баарын өз ордуна, калыбына келтиргенбиз. Ошол күнү каза болгон жоокерлерибиз өлкөнүн бардык жеринде эскерүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деди Камчыбек Ташиев.

Бир күн мурун Баткен шаарынын борбордук паркында чек ара окуясында каза болгон аскер кызматкерлерин жана жайкын тургундарды эскерүү иш-чарасы өткөн.

Анда Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин баса белгилеп, бирок эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде аларга доо коё тургандыгын айткан.

Атайын кызматтын төрагасы кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын да кошумчалаган.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM