Биз менен байланышыңыз

Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүү ыкмасы колдонулат

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 312 | 0

Быйыл 8-октябрда Ысык-Кѳл облусунун Жети-Өгүз районундагы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоо өтөт. Борбордук шайлоо комиссиясы Саруу айылдык кеңешинин депутаттарын шайлоодо аралыктан добуш берүүнү жана идентификациялоонун модернизацияланган жабдууларын пилоттук режиминде колдонуу чечимин кабыл алган.

Аралыкта добуш берүү Саруу айыл аймагынын шайлоочуларынын тизмесине киргизилген, бирок убактылуу жок болгондугуна байланыштуу туруктуу катталган жери боюнча шайлоо участкасында добуш берүүгѳ мүмкүнчүлүгү жок жана аралыкта добуш берүүгѳ катышуу тууралуу арыз берген жарандарга арналган.

Пилоттук режимде аралыктан добуш берүүнү даярдоонун алкагында Саруу айыл аймагынын кызматкерлери жана участкалык шайлоо комиссияларынын мүчѳлѳрү айылдын шайлоочуларынын тизмесин такташты.

Натыйжада Саруу айыл аймагында 175 шайлоочу Бишкек шаарында, 29 шайлоочу Кыргызстандын башка аймактарында, 59 шайлоочу чет ѳлкѳлѳрдѳ убактылуу жашап жатканы жана жүрүшкѳнү белгилүү болду.

Аралыктан добуш берүү үчүн БШКнын имаратында аралыктан добуш берүүчү шайлоо участкасы түзүлгѳн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM