Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Токмок шаарындагы «Кумтөр Голд Компани» компаниясынын желим жана башка буюмдарды чыгарган заводуна барды.
Маалым болгондой, завод учурда тесттик режимде иштеп жатат. Заводду толук кандуу ишке киргизүү 2023-жылдын аягы, 2024-жылдын башына деп пландалууда. Ишкана иштей баштагандан тарта 200гө жакын адам жумуш менен камсыз болуп, саатына 2 тонна эски дөңгөлөк кайра иштетилип чыгарылат. Долбоорду ишке ашырууга 19,2 млн доллар жумшалып, кирешенин ички нормасы 33%ды түзөт.
Акылбек Жапаров кайра өндүрүлгөн товарлар Кыргызстандын өзүндө гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттерине дагы чыгарылаарын билдирди.
Унаалардын эскирген дөңгөлөктөрү кайра иштетилип жаңы продукцияга, тагыраагы желимге, текстилге, пресстелген материалга айландырылат.
Техникалык-экономикалык негиздеме тарабынан иштелип чыккан долбоорго ылайык, 2026-жылдан 2030-жылга чейин, тагыраагы 5 жылда киреше салыгын төлөөнүн суммасы орто эсеп менен 60 млн сом деп болжолдонууда.