Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-казак чегиндеги өткөрүү бекетинде кезек пайда болду

Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 271 | 0

УКМКнын Чек ара кызматы 15-сентябрда кыргыз-казак чегиндеги «Ак-Тилек-автожол» жана «Карасуу-автожол» өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын кезеги пайда болгонун маалымдады.

Саат 16:00гө карата «Ак-Тилек-автожол» өткөрүү жайынын маңдайында Кыргызстандан чыгууга кезекте 140 автоунаа турган.

Казакстан тараптан Кыргызстанга кирүүгө 40 автоунаа кезек күтүүдө.

«Кыргыз-казак мамлекеттик чек арасында жүк ташуучу унаалардын топтолуусу күз мезгилинде жүк ташуунун агымы көбөйгөнүнө байланыштуу болууда, айрыкча, айыл чарба азык-түлүгүнүн Кыргызстандан башка өлкөлөргө экспорттолушу себеп болот. Транспорт каражаттарынын топтолуусу циклдик мүнөзгө ээ», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы кыргыз тараптан да, казак тараптан да эч кандай чектөөлөр жок экенин белгилеп, эки мамлекеттин өткөрүү жайлары штаттык режимде иштеп жатканын кошумчалайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM