Биз менен байланышыңыз

«Куракташтардын курултайы» ынтымакка чакыруубу же куру намыспы?

Коом | 15 Сен 2023 | 1526 | 0

Акыркы учурда социалдык тармактарда «жети дубан ынтымагы» деген ураан астында куракташтардын курултайын өткөргөн видеолор тарап жатат. Уюштуруучулар мунун максаты достошуу, аймактар аралык ынтымакты бекемдөө, ошол эле учурда эл-жер көрүү экенин айтышты. Алардын программасынын негизин спорттук оюндар түзөт. Айрым активисттер мындай чогулууларга терс пикирин айтышып, ынтымакка чакыруунун башка баалуулуктарын колдонуу керек деп эсептешет. Айрымдары түбү келип, саясий максатка колдонуп кеткен учурлар болорунан кооптонушат.

Мындай ынтымак жыйындары социалдык тармактын колдонуучуларынын кызуу талкуусуна жем таштады. Айрымдары колдосо, кээ бири жөн гана ысырапкерчилик катары баалашат.

Ушул жылдын октябрь айынын башында Баткен облусунда өлкө боюнча 1989-жылы төрөлгөндөрдүн «Келгиле, достошолу» аттуу иш-чарасы болорун Баткен облусунун 1989-жылы туулган тургундарынын өкүлү Равшанбек Абдурашит уулу билдирди. Анын айтымында, достук чогулушу экинчи жолу өткөрүлүп жатат. Иш-чаранын негизги максаты ынтымакка чакырып, достошуу экенин айтып, буларга токтолду:

«Бул жолугушуунун негизги максаты: ынтымакка чакырып, эл көрүп, бири-бирибиз менен таанышуу, достошуу. 1989-жылы төрөлгөндөр экинчи жолу чогулуп жатабыз. Биринчиси Ысык-Көл облусунда өткөрүлгөн, экинчиси октябрда Баткен облусунда болот. Биринчисинде 700-800 адам чогулду, бул жолкусуна биз бир жарым миңдей адам келүүсүн күтүүдөбүз. Бардык чыгымды иш-чара өткөн аймактын жигиттери көтөрөт. Бул — курултай сыяктуу, ар бир аймактан бирден өкүл шайланат. Бир жылда эки жолу достук жолугушуусу болот, жаз-күз айларында».

Ошондой эле Равшанбек Абдурашит уулу спорттук оюндар менен гана чектелип калбастан, жардамга муктаждарга да көмөк көрсөтүлүп келе жатканын, кийинки курултай кайсы аймакта өткөрүлөрү чучукулактын негизинде тандаларын кошумчалады.

Социалдык тармактардын колдонуучулары «бул жыйындар бара-бара кандайдыр бир саясий максатка айланып кетиши мүмкүн» деген пикирлерин жазышууда. Бул боюнча Равшанбек Абдурашит уулу саясатты аралаштырбоо чечими кабыл алынганын билдирди.

Социалдык тармактын колдонуучуларынын бири Булутбек Имаровдун пикиринде, мындай жолугушуулар маанисиз. Ошондой эле достор арасында «намыс үчүн гана акчасын берип коёлу» деген сөздөр айтылып жатат.

 «Азыркы учурда теңтуштардын отурушу, чайы сыяктуу иш-чаралар өтө күч алып, жайылды. Бул жолу Баткенде өткөрүлөт экен, азыркы учурда акча чогултуу жүрүп жатат. Бүтүрүүчүлөр арасында «намыс үчүн берип коёлу, биздин мектеп эле калып калбасын, биздин айыл өкмөт эле калып калбасын, акчасын берип коёлу» деген сөздөр да айтылып жатат. Бул эми кайра эле ичип-жеп, ойноп-күлүп келе турган жер, кыскача айтканда, тойдун ири форматы. «Чогулуп, бир долбоор иштеп, бир жерге жардам берели» делген маңыздуу иш-аракет жок. Азыр «ар бир райондон бир миллиондон чыгарабыз, жалпы үч-төрт миллион чогулат» деп жатышат. Ал акча бир күндө эле сапырылып кетип жатпайбы».  

Акын Улукбек Омокеев ынтымакка чакырып, өздөрү демилгелеп, уюштуруп жаткан жаштарга тоскоол болбоого чакырат.

«Ынтымакка келели, биригели» деген идеяны көтөрүп жатышса эмнеге тыялы? Өздөрү уюштуруп, акча чогултуп өткөрүп жатса, аларды тоспостон, колдоо керек. Биздин элдин жашоо-шарты бирдей, жети дубан чогулуп, бири-бири менен таанышып, тууган экенбиз деп ынтымакка келсе жакшы да. Бул маселени мамлекеттик деңгээлде программа катары иштеп чыкса да болот Маданият министрилигинин жаштар департаменти колго алып. «Кийинкилерде башка диаспораларды кошкула» деп, көп улуттуу кылып, улуттарды да ынтымакка чакырып, масштабдуу кылса болот».

Юрист Эржан Кайыповдун айтымында, жыл-жылга бөлүнүп, ынтымакка чакыруунун мааниси жок. Мындай жолугушуулар коомду деградацияга алып келет.

«Кимдин канчанчы жылы туулганы эч кандай баалуулукка, мааниге ээ эмес. Ошондой эле артыкчылыгы да, кемчилиги да жок. Кыргыз коомчулугунда аймагына карата, динине карата, саясий көз карашына карата, курагына карата да кемсинтүү, басмырлоо болуп келет. Ошондуктан кимдин канчанчы жылы төрөлгөнү кандайдыр бир иденттүүлүккө айланышы туура эмес. Анан туулган жылдан эч кандай баалуулук жок. Аны менен катар чогулгандардын арасында «бул жылкылар ушундай чогулду, тигилер мындай чогулду» делген атаандаштыкты да угуп жүрөбүз. Бириккенге баалуулуктар көп, негизги маселе: туулган жылы баалуулук эмес».

Эржан Кайыпов эң алгач үй бүлөдөгү ынтымакты, биримдикти бекемдөө керектигин, ошондо гана жалпы ынтымак болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, буга чейин коомчулукта уруулардын курултайы сындалып келген. Ага курултайларда президентикке же депутаттыкка талапкерлигин койгон тууганын колдоо чакырыктары да аралашып кеткени себеп болгон. Маселен, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо ар бир облустун же райондун жаштары чогула калып, «бул аймактын жаштары бул саясатчыны колдойт» деген чакырыктар да шайлоо кампаниясынын бир ыкмасына айланган.

Copyright © 2017 Maral FM