Биз менен байланышыңыз

Кадамжайда 2 кг баңгизатын жашырууга аракет кылган жаран кармалды

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 203 | 0

Кадамжай районунда эки килограммга жакын гашишти сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, 24 жаштагы жергиликтүү тургун жашыруун жай жасап жаткан жеринен кармашкан. Тинтүү учурунда андан кара целлофан пакет табылып, анын ичинде кара күрөң түстөгү зат, болжол менен өсүмдүк тектүү баңги заты алынган.

Эксперттин корутундусуна ылайык, салмагы 2 килограммга жакын алынган зат гашиш экендиги аныкталган.

Кармалга жаран 1999-жылы туулган Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну И.Р. болгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси менен иш козголгон. Кармалган жаран Ош шаарынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM