Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров баштаган делегация Тажикстанга кетти

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 195 | 0

Бүгүн, 14-сентябрда президент Садыр Жапаров Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын бешинчи консультативтик жолугушуусуна катышуу үчүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына учуп кетти. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев, энергетика министри Таалайбек Ибраев бар.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен эки тарапту сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM