Биз менен байланышыңыз

Президент Жапаров Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 151 | 0

Президент Жапаров бүгүн, 13-сентябрда Бишкектин четиндеги №73809 Кой-Таш аскер бөлүгүнө күтүүсүз барды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев кабарлады.

Жапаров аскер бөлүгүндөгү кызмат өтөө шарттары менен таанышып, командирлер жана жоокерлер менен баарлашты. Ал жоокерлер клубунун жана бөлүк штабынын жаңы имараттарын курууну, ошондой эле казарма жайгашкан 4 кабаттуу имаратта оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Президент аскер бөлүктүн аймагында жакынкы аралыкта курулушун баштоо пландалып жаткан бала бакчанын курулушуна бөлүнгөн жер тилкесин дагы көрдү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM