Биз менен байланышыңыз

Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 373 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов парламенттин 13-сентябрдагы жыйынында буга чейин эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканы үчүн депутаттардан кечирим сурады.

«Эл шайлаган депутаттардын макамына, Жогорку Кеңештин конституциялык укуктарына жана милдеттерине шек келтиргенге укугум да, ниетим да жок болгон. Саясатта, коомдук турмушта басып өткөн жолумда дайыма элдик бийлик, демократия, ачык талкууну колдоп келгем. Ошондуктан эмоцияга алдырып, ашыкча сөздөрдү айтканым үчүн расмий түрдө кечирим сурайм. Баарыбыз биргеликте президенттин саясатын колдоп, бийлик бутактары конструктивдүү иш алып барабыз деп ишенем», — деди Эдил Байсалов.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ага кошумчалап, президент, өкмөт башчы, парламенттеги фракция лидерлери, вице-спикерлер чогулуп, Байсаловдун маселесин талкуулашканын айтты. Президент Байсаловду парламенттен расмий түрдө кечирим сурашын талап кылып, акыркы жолу эскертүү бергени маалым болду.

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин 20-июндагы жыйынында депутаттар менен кайым айтышкан. Байсалов Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин айткан.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов мыйзам боюнча, элдин атынан президент жана депутаттар сүйлөй аларын белгилеген. Ошол эле учурда ар ким өз ыйгарым укугун так аткарып жатканын айткан.

Ошондон кийин Жогорку Кеңештин депутаттары министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кылышкан. Мындай сунушту «Ишеним», «Ата журт-Кыргызстан», «Мекенчил» депутаттык тобу берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM