Биз менен байланышыңыз

13-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 584 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 13-сентябрга караган түнү Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде,  Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз  Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде,  Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +21…+26,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +19…+24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +9…+14, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +19…+24.

Бишкек шаарында жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +12…+14, күндүз +24…+26 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM