Биз менен байланышыңыз

Новопокровка айылында чек арачыларга батирлердин ачкычы тапшырылды

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 342 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын 2026 жана 2031 аскер бөлүктөрүнүн аскерлерине батирлердин ачкычы тапшырылды.

Төрт кабаттуу үй аскердик шаарчанын аймагында курулган. 36 батирлүү үйдүн курулушу республикалык бюджеттин эсебинен курулганы кабарланды.

Жаңы батирлердин ачкычтарын 36 аскер кызматкеринин үй-бүлөлөрү алышты. Жаңы турак-жай комплексинде көмүр сактоочу кампа менен өзүнчө откана, балдар үчүн аянтча жана унаа токтотуучу жайы каралган.

Үй жеке долбоор менен курулган, батирлердин орточо аянты 62-87 чарчы метрди түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM