Биз менен байланышыңыз

ЖК комитети Нурия Кутнаеванын талапкерлигин жактырды

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 241 | 0

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети санариптик өнүктүрүү министри кызмат ордуна Нурия Кутнаеваны дайындоого макулдук берүү маселесин карап, анын талапкерлигин жактырды.

Нурия Кутнаева президенттин жарлыгы менен санариптик өнүктүрүү министринин милдетин аткаруучу болуп 7-сентябрда дайындалган. Нурия Кутнаева буга чейин «Түндүк» мамлекеттик ишканасын жетектеген.

Аталган министрликти буга чейин Талантбек Иманов жетектеген. Ал президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM