Биз менен байланышыңыз

Төрөбаев: Көмүрдүн баасына катуу көзөмөл болот

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 345 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев калкты көмүр менен камсыздоо маселесин талкуулады. Жыйында көмүрдүн баасынын өсүшүнө жол бербөө, социалдык жактан маанилүү товарлардын баасын такай көзөмөлгө алып туруу тапшырмасы берилди.

Өзгөчө Баткен жана Ош облустарында көзөмөлдү күчөтүү керектиги айтылды.

Быйыл күз-кыш мезгилинде калктын керектөөсүнө 1,2 млн тонна кара отун керектелет, көмүр республика боюнча 549 базада сатылат.

8-сентябрда Министрлер кабинетинин токтомунун негизинде өлкөдөн автомобиль транспорту менен көмүрдү сыртка ташып чыгууга убактылуу тыюу салынган.

Эгер жеке көмүр казуучу компаниялар көмүрдү сыртка чыгарууда, ички керектөөчүлөргө бааларды жогорулатса, Министрлер кабинети экспортту жабат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM