Биз менен байланышыңыз

«Барселона» футболдук академиясына балдарды кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 211 | 0

Жалал-Абаддагы «Барселона» футболдук клубунун биринчи академиясы 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алууну жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоону жарыялайт.

Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан кабарлашты. Балдарды жана оюнчуларды кабыл алуу 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт.

Жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары академиянын окуучулары эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал жерде балдар европалык окутуу системасы боюнча билим алышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM