Биз менен байланышыңыз

Google, Starbucks, YouTube, Adobe, IBM — дүйнө гиганттарын башкарган индиялыктар

Блог | 11 Сен 2023 | 349 | 0

Индиялык адистердин IT тармагында жетишкен ийгиликтери бүт дүйнөнү таң калтырып келет. Жакында Global Index басылмасы тизме жарыялап, анда дүйнөдөгү гигант ишканалардын көпчүлүгүнүн башкаруучу топ-менежерлери индиялыктар экенин көрүүгө болот. Булардын катарына Alphabet Google, Microsoft, YouTube, Adobe, World Bank Group, IBM жана Starbucks компаниялары кирет.

Төмөндө дүйнөдөгү эң ири компанияларды башкарып жаткан индиялык топ-менежерлердин бир катарынын таржымалына токтолуп өтөбүз:

Сундар Пичай

Теги индиялык болгон Сундар Пичай 51 жашта. Ал 2015-жылдан бери Google компаниясынын башкаруучу директору болуп саналат. Ал Индиянын Мадурай шаарында туулган. Алгачкы жогорку билимин өз өлкөсүндө алып, кийин АКШга келген. АКШда Стенфорд жана Пенсилвания университеттеринде билим алган.

Сатя Наделла

Индиянын Хайдарабад шаарында туулган 56 жаштагы Сатя Наделла Microsoft компаниясынын башкаруучу директору.

Манипал технологиялар институту, Висконсин жана Чикаго университеттеринде билим алган. 2014 жылдан бери дүйнөдөгү эң белгилүү IT компанияда башкаруучу.

Наел Моҳан

Дагы бир индиялык IT адис Наел Мохан – YouTube компаниясынын башкаруучу директору.

Мохан 50 жашта. Ал АКШда туулган. Бирок кийинчерээк ата журтуна кайра келип, бир канча жыл Индияда жашаган. Ал АКШга кайра келип, жогорку билимин Стенфорд университетинде бир канча баскыч менен уланткан. Наел Мохан ушул жылдын февраль айынан бери дүйнөдөгү эң популярдуу видеохостингдин башкаруучусу.

Шантану Нараен

Шантану Нараен дагы Хайдарабадда туулган. Азыр 60 жашта. Ал дүйнөдө көпчүлүк колдонгон программаларды өндүргөн Adobe компаниясынын башкаруучусу.

Нараен дагы алгачкы билимин Индиядан алып, андан кийин АКШнын Огайо, Калифорния университеттеринде уланткан. 2007-жылдан бери Adobe компаниясын жетектеп келет.

Арвинд Кришна

Арвинд Кришна дагы Индиядан чыккан топ-менежер. Ал азыр 61 жашта. Кришна дүйнөгө белгилүү IBM компаниясын 2020-жылдан бери жетектейт.

Өзү Индияда төрөлүп өсүп, жогорку билимди АКШнын Иллинойс унверситетинде алган.

Ажай Банга

Теги индиялык болгон Ажай Банга – ушул жылдын июнь айында Дүйнөлүк банктар тобун (World bank Group) 5 жылга жетектемей болду. Ал Дүйнөлүк банктар тобунун 14-президенти болуп дайындалды. Банга бул кызматына чейин Mastercard компаниясынын башкаруучу директору болчу.

Лахман Нарасимхан

56 жаштагы Лахман Нарасимхан дүйнөгө белгилүү кофеканалар тармагы Starbucks компаниясын башкарат.  Ал бул кызматка ушул жылдын март айында келди.

Бул жогоруда айтылган гигант компаниялардын дүйнөгө белгилүүлөрү гана болуп саналат. Эл аралык эмгек уюмунун маалыматына таянсак, дүйнөдөгү эмгек рыногуна фрилансер-айтичилердин 35%га жакынынын Индия өстүрүп чыгарууда.

Индия дүйнөлүк IT-компанияларды жетектеген кадрларды кантип чыгарды?

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM