Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот Болот Темировдун ишин кароону эртеңкиге калтырды

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 344 | 0

Бүгүн, 11 сентябрда иликтөөчү журналист Болот Темировдун иши боюнча отурум болуп, Жогорку Сот түшүнүксүз жагдайлардан улам ишти кароону эртеңкиге калтырды.

Журналист Болот Темиров баңгизатты мыйзамсыз даярдоого жана сактоого шектелип, 2022-жылдын 22-январында камакка алынган. 20-апрелде журналисттин үстүнөн дагы үч: «документ жасоо», «жасалма документ колдонуу» (эки) жана «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Темировду «баңгизат даярдоо жана сатуу», «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча күнөөсүз деп тапкан.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун «жасалма документ колдонуу» беренелери боюнча өкүмүн күчүндө калтырып, ага кошумча прокурордун өтүнүчүнүн негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган.

Укук коргоо органдары Болот Темировду сот залынан күч менен алып чыгып, Орусияга беш жылга депортация кылып жиберишкен. Журналисттин адвокаты Баатыр Ботобеков шаардык соттун чечими акыйкат чечим болбогонун айтып, бул иш боюнча Жогорку Сотко да даттанарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM