Биз менен байланышыңыз

Ала-Букада жайыт комитетинин төрагасы пара алууга шектелип кармалды

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 410 | 0

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин төрагасы К.у.К. акча талап кылуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.

УКМКга Өзбекстандын жараны өзбекстандыктарга таандык 9 баш бодо малды мыйзамсыз кармап, ээлерине кайтарып берүү үчүн 2000 АКШ долларын талап кылганы үчүн К.у.К. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнүп кайрылган.

Бул фактынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-пунктунда (опузалап талап кылуу) каралган кылмыштын белгилери боюнча иш козголгон.

Ыкчам-иликтөөнүн жүрүшүндө жаран К.у.К. талап кылынган акча каражатынын 1000 долларын алып жаткан жеринен кармалып, эки айга тергөө абагына камалды. Учурда тергөө жүрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM