Биз менен байланышыңыз

Бишкекте Комуз күнүнө арналган иш-чара өттү

Кыска кабар | 10 Сен 2023 | 88 | 0

Бишкекте 9-сентябрда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз Улуттук филармониясында Комуз күнүнө карата залкар комузчу Карамолдо Орозовдун 140 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чара алгач К.Орозовдун өмүрү жана чыгармачылыгына арналып даярдалган сүрөт көргөзмө жана даректүү тасманы көрсөтүү менен башталды.

Салтанатка мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, Маданият министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жана кеңири коомчулук катышты.

Министрдин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев комуз күнүнө жана К.Орозовдун 140 жылдыгына карата өтө турган ири-чаралар тууралуу маалымат берип, жакынкы арада Маданият министрлиги комузчулар арасында жана К.Орозов боюнча илимий изилдөөлөр үчүн сынак жарыялай турганын айтып, анын туулган жери Ысык – Көл районундагы Корумду айылында салтанаттуу иш-чара өтөөрү тууралуу маалымдады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM