Биз менен байланышыңыз

УКМК Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн төгүндөдү

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 91 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети абактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат таратты.

УКМКнын айтымында, саясатчынын «кыйноо жана куугунтук уюштурулду» деген билдирүүсүн жалган. Учурда ага козголгон кылмыш ишти Ички иштер министрлиги тергеп жатат.

«Азыркы учурда, саясатчы Р.Жээнбеков КР Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматыынын №1 тергөө камак жайында камакта. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасында чыр-чатакка жана башаламандыкка багытталган мындай жалган, чагымчыл маалыматтарды тараткандар үчүн тиешелүү жоопкерчиликтер каралгандыгы боюнча кайрадан эскертүүгө мажбур болууда», — деп айтылат маалыматта.

Айта кетсек, «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта жаткандардын Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиевге кайрылуусун Равшан Жээнбеков «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялаган. Кайрылууда «кемпир-абадчыларга» басым кылуу үчүн атайын суук жер төлөдө кармап жатышканы айтылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM