Биз менен байланышыңыз

Акыйкатчы институту: Бекназаров отурган камера авариялык абалда

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 1109 | 0
Сүрөт "Азаттык" сайтынан алынды

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери кечээ, 8-сентябрда УКМКнын тергөө абагындагы абал менен таанышып чыкты.

Тергөө абактын кызматкерлери Равшан Жеенбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыров отурган камераларды көрсөтүшкөн. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барган учурда аларды сотко алып кетишкендиктен камерада болушкан эмес.

Жеенбеков кармалган камерада  муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч болгон. Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган эмес, косметикалык оңдоодон өткөн. Аны биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат. Равшан Жээнбеков камерасында суткасына эки ирет, үч сааттан кем эмес узак тинтүүлөр жүрүп жатканын айтып даттанган.

Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган эмес.

Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда экени аныкталган. Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда жаткандарды көчүрүүнү талап кылышкан. Бекназаров сот жыйындарынын учурунда күзөтчүлөр ага суу бербей жатышканын айтып даттанган.

Мындан тышкары Кемпир-Абад иши боюнча 27 адамды бир учурда алып барганда жана күзөтчүлөр, жыйынга келгендер да болгондуктан отурум өткөргөн зал тардык кылып, эл батпай калып жатканын айтып арызданышкан. Ошондой эле судьянын сөздөрү угулбай каларын билдиришкен.

Аны менен катар камераларда тиешелүү вентиляциянын жок экенин маалымдашкан.

Мониторингдин жыйынтыгына ылайык, акыйкатчы Жамиля Жаманбаева адам укуктары боюнча эл аралык ченемдерди, жалпы таанылган принциптерди, өлкөнүн укуктук мыйзамдарын сактоону талап кылып, тиешелүү тараптарга расмий кат жолдогон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM