Биз менен байланышыңыз

Суу каптаган шаарлар. Греция, Блогария жана Түркиядагы суу ташкыны (сүрөттөр)

Блог | 8 Сен 2023 | 535 | 0

Грецияда суу ташкынынан улам үч киши набыт болду. Болгарияда Кара деңиздин жээгиндеги аймактарда суу каптап, төрт кишинин өмүрүн алды. Түркиядагы жаратылыш кырсыгында жети адам каза болду.

Соңку күндөрү Греция, Болгария жана Түркиянын айрым аймактарында жаан катуу жаады.

ВВС билдергендей, бал айын Грецияда өткөрүү үчүн Австриядан келген жаңы үйлөнгөн жубайлар дайынсыз жоголду. Грек бийлигинин маалыматында, алар ижарага алган үйдү суу каптап кеткен.

Грециянын гидромет кызматы мамлекетте бир күндүк жааган жамгыр бир жылдык нормага тете болгонун билдирүүдө.

Түркиянын эң ири шаары Стамбулда шаршембиге караган түнү катуу нөшөр жаап, көчөлөрдү суу каптап, унааларды агызып кетти. Айрым имараттардын биринчи кабатын да суу баскан. Дайынсыз жоголгондорду издөө уланууда.

Болгариянын өкмөтү сел каптоолор төрт кишинин өмүрүн алганын, бир аялдын сөөгү деңизге агып кеткенин билдирди.

Грециянын борборундагы Трикала шаарында суу астында калган машина. Фото: REUTERS
Грецияда кыйраган көпүрө. Фото: SAKIS MITROLIDIS
Грециянын Кардица шаары, 7-сентябрь Фото: WILL VASSILOPOULOS
Волос шаарындагы пляж. Греция
Фото: SAKIS MITROLIDIS
Фото: GETTY IMAGES
Стамбулдун суу баскан көчөлөрү
Фото: YASIN AKGUL
Суу астында калган темир жол контейнерлери. Стамбул
Фото: DIA IMAGES
Түркиянын өзгөчө кырдаалдар кызматы дайынсыз жоголгондорду издөөдө.
Фото: ANADOLU AGENCY
.
Фото: Cem Tekkesinoglu/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Cem Tekkesinoglu/Anadolu Agency via Getty Images
.
Фото: Sercan Ozkunazli/ dia images via Getty Images
Фото: Muhammed Enes Yildirim/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Muhammed Enes Yildirim/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Erhan Elaldi/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Muhammed Enes Yildirim/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Muhammed Enes Yildirim/Anadolu Agency via Getty Images
Фото: Sercan Ozkunazli/ dia images via Getty Images
Фото: EPA/Vostock-photo
Фото: EPA/Vostock-photo
Болгариянын Царево шаарына жакын жерде деңизге агып кеткен машина
Фото: YORDAN ZHEKOV
Болгариянын Слатина кыштагындагы кыйроолор.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM