Грецияда суу ташкынынан улам үч киши набыт болду. Болгарияда Кара деңиздин жээгиндеги аймактарда суу каптап, төрт кишинин өмүрүн алды. Түркиядагы жаратылыш кырсыгында жети адам каза болду.
Соңку күндөрү Греция, Болгария жана Түркиянын айрым аймактарында жаан катуу жаады.
ВВС билдергендей, бал айын Грецияда өткөрүү үчүн Австриядан келген жаңы үйлөнгөн жубайлар дайынсыз жоголду. Грек бийлигинин маалыматында, алар ижарага алган үйдү суу каптап кеткен.
Грециянын гидромет кызматы мамлекетте бир күндүк жааган жамгыр бир жылдык нормага тете болгонун билдирүүдө.
Түркиянын эң ири шаары Стамбулда шаршембиге караган түнү катуу нөшөр жаап, көчөлөрдү суу каптап, унааларды агызып кетти. Айрым имараттардын биринчи кабатын да суу баскан. Дайынсыз жоголгондорду издөө уланууда.
Болгариянын өкмөтү сел каптоолор төрт кишинин өмүрүн алганын, бир аялдын сөөгү деңизге агып кеткенин билдирди.