Биз менен байланышыңыз

Бишкек мэриясы машруткалардын каттамга кайтышы боюнча түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 259 | 0

Бишкек мэриясы «Каттамдан алынган айрым маршруттук таксилер кайра кайтарылып жатат» деген маалымат боюнча түшүндүрмө берди.

Вице-мэр Максатбек Сазыкулов тактагандай, №100, №105, №152, №195, №212 маршруттук таксилер каттамга толук кайтарылган жок, кичи автобустар жарым-жартылай киргизилүүдө.

«Маршруткаларды каттамдан алып салуу процесси өзү толук бүтө элек. Ушул беш линияда бир нече кичиавтобус иштеп турат, себеби биз керектүү автобустардын санын тууралай алгыдай болушубуз керек. Андыктан жеке менчик ээлеринен айрым маршруттук таксилерди калтырууну сурандык», — деди ал.

Вице-мэрдин айтымында, кичи автобустарды акырындык менен каттамдан алып салуу керек, бара-бара бул иш толук аткарылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM