Connect with us

Жергиликтүү шайлоолор: Ысык-Көлдө 13 аял депутаттыкка талапкер болууга арыз берди

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 192 | 0

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Саруу айылдык кеңешинин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү 7-сентябрда аяктады. Борбордук шайлоо комиссиясынан кабарлашкандай, мандаттардын жалпы саны – 21, анын ичинен 9 мандат аялдар үчүн резервге калтырылды.

Жалпы талапкерлер – 41 адам, анын ичинен 13 аял көрсөтүлдү.

Документтер кабыл алынган күндөн тарта он күн ичинде, тагыраагы, 18-сентябрга чейин Жети-Өгүз аймактык шайлоо комиссиясы талапкерлердин жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайыктуулугун текшерет.

Паспорттук маалыматтарды, жергиликтүү жамааттын мүчөлүгүн (каттоо), жарандыгын, соттуулугу бар-жогу ж.б. маалыматтар каралат.

Ошондой эле мыйзамдын шайлоодо талапкерлердин жалпы орто билиминин бардыгы, шайлоо күрөөсү тууралуу ж.б. талаптар бөлүгүнүн ченемдери колдонулат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM