Connect with us

«Достук» жана «Кайтпас» өткөрмө бекеттери аркылуу өткөндөр көбөйдү

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 260 | 0

Быйыл сентябрдан тарта «Достук-автожол» жана «Кайтпас-автожол» өткөрмө бекеттеринде жүргүнчүлөрдү ташуу көбөйдү. Мындай маалымат 8-сентябрдагы пресс-турдун жүрүшүндө айтылды.

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү үчүн кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы өткөрмө бекеттерине тур өткөрүлдү.

Ош облусундагы көп тараптуу «Достук-автожол» өткөрүү жайынан бир сутка аралыгында 17 миңден ашуун адам, 300дөн ашуун жүк жана жеңил унаа өтөт.

Ал эми «Кайтпас-автожол» өткөрүү жайы 2 миң адамды өткөрүүгө ылайыкталганы менен чындыгында күн сайын бул жактан 5 миңден ашык адам, 500дөн ашуун жеңил унаа өткөрүлөт.

УКМКнын чек ара кызматынан билдиришкендей, Кыргызстандын жана Өзбекстандын өкмөттөрү ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин Ош облусунун Араван районундагы эки тараптуу «Кара-Багыш-автожол» жана Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы көп тараптуу «Бек-Абад-автожол» өткөрүү жайларын кайрадан иштөөсү үчүн макулдашууга жетишкен.

Мындан тышкары 2006-жылдын октябрында кол коюлган жарандардын өз ара каттамы жөнүндө өкмөттөр аралык макулдашууга тиешелүү өзгөрүүлөр жана толуктоолор киргизилген, 2023-жылдын 1-сентябрынан баштап кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын жалпы жарандык (чет элдик) паспорт менен катар эле ID-карталар менен да кесип өтүүгө мүмкүн болду.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM