Биз менен байланышыңыз

9-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 407 | 0

Кыргызстанда 9-сентябрга караган түнү Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлөт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад облустарында жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +12…+17, күндүз +25…+30,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +8…+13, күндүз +22…+27,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +29…+34,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарын облусунда түнкүсүн +5…+10, күндүз +20…+25.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз ала булут каптап турат, өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +15…+17, күндүз +27…+29 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM