Биз менен байланышыңыз

Бишкекте унаа салыгын төлөбөгөндөргө текшерүү жүрүп жатат

Кыска кабар | 8 Сен 2023 | 264 | 0

Бишкектин Свердлов районунда унаа салыгын толук жыйноо боюнча текшерүү жүргүзүлүүдө.

Мэриянын маалыматына караганда, рейдге Мамлекеттик салык кызматынын, шаардын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери катышууда.

Жыйынтыгында 38 унаа токтотулуп, айып салуу үчүн 5 акты түзүлдү.

Унаа салыгын төлөөдөн качкандар үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом өлчөмүндө айып салынат.

Транспорт салыгын төлөө мөөнөтү 2023-жылдын 1-сентябрында аяктаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM