2023-жылдын январь-август айларында 48 миң 838 жаранга пенсия дайындалып, чектелди. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматы кабарлады.
Ошонун ичинде 2023-жылы август айында 4220 жаранга пенсия чектелди, андан тышкары эмгек стажы, эмгек акысы, окуусу жана майыптыгы боюнча 1164 пенсионерге кошумча берилген документтерге ылайык пенсиялар кайрадан эсептелинди.